Кыргыздардын байыркы мамлекети жана Ата Журту

Wikipedia дан

Кыргыздардын байыркы мамлекети жана Ата Журту

Сыма Цзяндын “Тарыхый жазмалар” эмгегинде мындай деп жазылат “...кийин. Түндүктө Хунро, Кутча, Динлин, Кыргыз, Сенле сыяктуу мамлекеттерди багындырды. Ошо менен Хунн ак сөөктөрү ыраазы болуп, Бөдүн (Мөдүн) Теңир кутту билген деп аташты”. Тарыхый жазуу булактарда кыргыздардын Ата Журту боюнча ар кыл изилдөөлөрдүн негизинде көп божомолдор айтылып келет. Айрым окумуштуулар алгачкы кыргыз журту Энесайда болгон дешсе, башкалары азыркы Түндүк –Батыш Монголиядагы Хыргыс-Нур (“Кыргыз- көл”) деген көлдүн айланасында болгон деген пикирди айтышат.
Кытайлык байыркы тарыхчы Бань Гунун (б.з.1-к.) “Хань шу”- (“Хань сулалесинин тарыхы”) аттуу эмгегинде: “Кыргыздардан чыгышта 7 миң ли (1 ли-500 м.) узактыкта (хуннулардын) шанүйлөрдүн ордосу жайгашкан”,-деп жазат. Тарыхчы, археолог, профессор Юлий Худяков, синолог Л.А. Боровкова жана бүгүнкү күндөгү кыргыз тарыхчылары бул маалыматты жетекчиликке алып, кыргыздардын байыркы Ата Журту Чыгыш Теңир Тоо аймагында болгондугун илимий негизде далилдешүүдө. Бул журт азыркы Чыгыш Түркестандагы Манас, Кара шаар деген шаарлардын түндүк тарабында, Боро-Хоро тоо кыркасынын түндүгүндө орун алган. Эзелтеден кыргыздарга коңшу болгон байыркы түрк элдеринин ичинен динлиндер, усундар, хуннулар, ошондой эле Түркестандагы индоевропалык тилдерде сүйлөгөн элдер (йуэчжилер, т.а. тохарлар) болгон.
Кыргыздардын байыркы Ата Журту негизинен көчмөн мал чарбачылыкты жүргүзүшкөн. Ыңгайы бар жерлерде дыйканчылык менен кесип кылышкан. Кол өнөрчүлүктүн ар кыл түрлөрүн өздөштүрүүгө (зергерчилик, жыгач усталык, металл иштетүү, кийиз жасоо, тери иштетүү, оймочулук, өрмөчүлүк ж.б.) жетишишкен. Аң улоочулук, аскердик өнөр, ар түрдүү оюн зооктор кыргыздарда жогорку деңгээлде өнүккөн.